12

Февраль

2024

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов менен телефон аркылуу сүйлөштү

img

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов менен телефон аркылуу сүйлөштү.  

 Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Олжас Бектеновду Казакстандын Премьер-министри болуп дайындалышы менен куттуктап, жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады. 

 “Биз казак тарап менен болгон мамилени жогору баалайбыз жана аны мындан ары да чыңдоого умтулабыз. Дипломатиялык мамилелерибиз түзүлгөндөн бери биздин кыргыз-казак өз ара кызматташуубуз бекемделип, стратегиялык өнөктөштүккө жана союздаштык деңгээлине жетти”, — деди Акылбек Жапаров. 

 Телефон аркылуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди мындан ары өнүктүрүү боюнча пландарды белгилешти.