17
Февраль
МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Азербайжан Республикасынын Премьер-министри Али Асадов менен телефон аркылуу сүйлөштү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров менен Азербайжан Республикасынын Премьер-министри Али Асадовдун телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду.
Акылбек Жапаров Али Асадовду Азербайжан Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелери боюнча тыгыз жана жемиштүү иштөөгө даяр экенин билдирди.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, транспорт-логистикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу маселелерин талкуулашты.