20

Февраль

2024

Жеке менчик саламаттык сактоо уюмдарынын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү

Кыргыз Республикасынын жарандарына сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү максатында жеке менчик саламаттык сактоо уюмдарынын ишмердигине аудит жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. 

Ведомстволор аралык жумушчу топко эки айдын аралыгында, Кыргыз Республикасынын аймагында жеке менчик саламаттык сактоо уюмдарынын ишин текшерет жана анын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчилигинин кароосуна алардын ишин оптималдаштыруу жана өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү тапшырмасы берилди.