17

Март

2024

Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 10,76 чакырымы боюнча макулдашты 

Жетишилген макулдашууга ылайык, 2024-жылдын 12-мартынан 17-мартына чейин Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Бустон шаарында, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйыны болуп өттү.  
 
Бул жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 10,76 чакырымы боюнча макулдашышты.
 
Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды сыпаттоо боюнча ишти улантат.
 
Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.
 
Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.