19
Март
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кара-Балта шаарындагы «Джунда» мунай иштетүүчү заводуна барды
Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров «Джунда» мунай заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты.
Белгилей кетсек, өткөн жылдын ноябрь айында ишканада капиталдык оңдоо иштери башталган. Заводду модернизациялоо быйыл күздө пландалууда.
Заводду мурдагы кубаттуулукта ишке киргизүү 2024-жылдын экинчи кварталына болжолдонууда.
Иш сапардын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин башчысы оңдоо иштеринин жүрүшү, заводдун өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү, нефтини кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүнүн перспективалары менен таанышты.
Акылбек Жапаров тиешелүү түзүмдөргө заводдун потенциалын, жумуш орундарын жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымын эске алуу менен ишкананы ийгиликтүү ишке киргизүүгө колдоо көрсөтүүнү тапшырды.