08
Апрель
МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров борбор калаадагы бир катар көчөлөрдү кеңейтүү иштеринин жүрүшү менен таанышты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы бир катар көчөлөрдү кеңейтүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Анда МинКаб Төрагасына А.Бакаев көчөсүн Л.Толстой көчөсүнөн Ж.Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки, ошондой эле Ю.Фучик көчөсүн Л.Толстой көчөсүнөн Товарный көчөсүнө чейинки аралык боюнча долбоор көрсөтүлдү.
МинКаб Төрагасы көчөлөрдү долбоорлоодо борбор калаанын аймагынын соңку кездери кеңейип баратканын жана жыл сайын автоунаалардын көбөйүшүн эске алуу керектигин белгиледи.
Мындан тышкары, МинКаб Төрагасы мэриянын карамагындагы бардык объектилерди инвентаризациялоону тапшырды.