17

Апрель

2024

Караколдо ипотекалык үйлөрдүн курулушу баштады

Курулуштун башталышын белгилөөчү капсула салуу аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Түмөнбаев, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов, КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Арпачиев, Каракол шаарынын мэриясынын жетекчилиги жана шаарынын тургундары катышты.

Жалпысынан 30,65 гектар аянтка 3 миң батирлүү 69 блок куруу пландаштырылууда. Бул долбоор жергиликтүү калкты жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу жана аймактагы жашоо шарттарын жакшыртууну көздөйт.

Караколдо ипотекалык үйлөрдүн курулушу баштады