27
Апрель
Топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу болуп өттү
Жетишилген макулдашууга ылайык, 2024-жылдын 21-апрелинен 27-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.
Бул жолугушуунун алкагында тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын чечиле элек аймактары боюнча сүйлөшүү жүргүздү жана бул ишти Тажикстан Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантууну чечишти.
Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.