09
Май
Минкаб Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Нарын облусунда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Сатында Жапаров менен Тапа Керимкуловду зыярат кылды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Нарын облусунун, Ат-Башы айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сатынды Жапаровго, ошондой эле Кара-Суу айылында жашаган ардагер Тапа Керимкуловго барды.
Ал Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан ардагерлерге Президенттин фондунан бөлүнгөн 100 миң сомду тапшырды.
Эдил Байсалов аларга чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалап, ардагерлердин эрдиктери, алардын эрдиктери эч качан унутулбастыгын баса белгиледи.
Сатынды Жапаров 98 жашта, 1943-жылы 17 жашында согушка аттанган. Согуштан кийинки жылдарда колхоздо, май заводунда иштеген.
Тапа Керимкулов 98 жашта, 17 жашында согушка аттанган. Согуштан кийинки жылдарда ички иштер органдарында жана энергетика органдарында иштеген.
Жумушчу сапарынын алкагында Минкаб башчысынын орун басары Эдил Байсалов Нарын шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган жыйын-реквиемге катышты. Мындан тышкары бир катар социалдык жана өндүрүштүк объектилердин ишмердүүлүгү менен таанышты.