11
Май
МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Михаил Мишустинди Россия Өкмөтүнүн Төрагасы кызматына кайрадан дайындалышы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Михаил Мишустинге Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы кызматына кайрадан дайындалгандыгына байланыштуу куттуктоо катын жолдоду.
“Сиздин жогорку ишмердүүлүгүңүз жана жеке сапаттарыңыз Россия Федерациясынын мындан аркы гүлдөп-өсүшүнө жана россиялыктардын жыргалчылыгынын өсүшүнө багытталган пландарды ийгиликтүү ишке ашырууга көмөктөшөт деп ишенем. Биздин элдерди байланыштырып турган кылымдардан бери келе жаткан достук байланыштар союздук мамилелердин кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүнүн прогрессивдүү өнүгүшү үчүн ишенимдүү негиз болуп саналат. Эки тараптуу кызматташуу боюнча маселелерге кирген кеңири спектр тууралуу биздин өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүүсү өзгөчө канааттандырарлык”, — деп белгиленет жолдомодо.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустинге бекем ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди каалады.