14

Май

2024

Малайзиянын Премьер-министри Анвар Ибрагим Кыргызстанга расмий сапар менен келди

Малайзиянын Премьер-министри Анвар Ибрагим Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келди.
 
“Манас” эл аралык аэропортунан жогорку даражалуу конокту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды.
 
Аэропорттогу флагштокторго Кыргыз Республикасынын жана Малайзиянын мамлекеттик желектери илинип, ардактуу кароолдун ротасы тизилген.
 
Сапардын алкагында жогорку жана бийик деңгээлдеги жолугушуулар пландаштырылган. Жолугушуулардын жүрүшүндө кыргыз-малайзиялык мамилелерди саясий, соода-экономикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда ар тараптуу өнүктүрүү маселелери талкууланат.