11

Июнь

2024

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Австриянын Экономика жана эмгек федералдык министри Мартин Кохер менен жолугушту

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев энергетикалык инвестициялык эл аралык форумун өткөрүү үчүн Вена шаарына (Австрия Республикасы) барган Кыргыз Республикасынын делегациясынынын жумуш визитинин алкагында Австриянын Экономика жана эмгек федералдык министри Мартин Кохер менен жолугушту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тарапты кызыктырган бардык маселелер боюнча кеңири баарлашышты. 

Тараптар экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-австриялык өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында ишти улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары энергетикалык инвестициялык эл аралык форумдун жыйынтыктарына токтолуп, форумду уюштурууга көрсөткөн жардамы үчүн австриялык тарапка ыраазычылык билдирди. 

Ал ошондой эле артыкчылыктуу багыттар боюнча потенциалды жогорулатуу зарылдыгын белгилеп, өзгөчө жашыл энергетика, энергиянын кайра жаралуучу булактары жана бизнес жаатындагы өз ара аракеттенүүнү белгиледи. 

Белгилей кетсек, жолугушууга Австриянын бизнес тармагынын өкүлдөрү да катышты. 

Эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда түздөн түз байланыштарды түзүү маселелери талкууланды.