13
Июнь
Акылбек Жапаров: Биздин реформалар ар бир айылга кирди
“Реформага баруу эбак эле бышып жеткенине карабастан, канча жылдан бери ишке ашпай келе жаткан. Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү биз үчүн жеңил болгон жок. Идеалдуу реформа кылуу кыйын, бир топ маселелер дагы да бар, биз бара-бара түздөйбүз.”-деп Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, бүгүн, Жогорку Кеңештин сессиясында, Административдик аймактык реформаны (ААР) жүргүзүү боюнча жасаган баяндамасында билдирди.
МинКаб башчысынын айтымында, ААР максаты айылдарды бириктирип, шаарларды кеңейтүү. Бул финансылык жана кадрдык ресурстарды натыйжалуу башкарууга жана пайдаланууга алып келет. 452 муниципалитет (айыл аймактар) болсо, ААРден соң, алардын саны 235ти түзөт.
Ошондой эле МинКаб башчысы Акылбек Жапаров 1990-жылдан бери карай ушуга чейин 40 район, 32 шаар, 452 айыл аймагы пайда болуп, анын: 62си – бир айылдан турган айыл аймактар, ошол эле учурда 10дон 20га чейин айылдын башын кошкон, элинин саны 30-40-50 миңге жеткен айыл өкмөттөрү болгонун, алардын арасында теңсиздиктер жана ажырымдар чоң болуп келгенин айтып, “Бир айылга – бир айыл өкмөт, бир урууга – бир айыл өкмөт” деген принциптен кайттык”-деди ал.
Айыл аймактын кызматкерлеринин саны кыскарган менен алардын ишинин көлөмү өзгөргөн жок. МинКаб башчысынын айтымында буга өлкө боюнча жүргүзүлгөн санариптешүү жараяны түрткү болду.
“Азыр эч ким айыл өкмөттүн имаратына келип справка албайт, келсе да берилбейт! Баары “Түндүк” тиркемеси аркылуу 3 секундда ала алышат. Учурда элдин 90%ы справка үчүн айыл өкмөткө барбайт. Банктар көп документтерди сурабай калды”-деген Акылбек Жапаров, “Түндүк” порталынан 15,6 млн жолу кызмат көрсөтүлгөнүн, муну менен элибиз 1 млрд сомдон ашык каражатты жана 12,9 млн саат убактысын үнөмдөшкөнүн, эң көп “үй бүлө курамы” жана “жашаган жери боюнча” справкалар суралганын белгилеп өттү.
Акылбек Жапаров белгилегендей, ААРдин дагы бир максаты – жакырчылыкка каршы активдүү даректүү жардамдарды күчөтүү. 2022-жылы 111 миңге жакын өтө жакыр үй-бүлө санарипке кирсе, 2024-жылы алардын саны 81 миң үй-бүлөгө кыскарган. Үч жылдын ичинде 13 миңге жакын үй-бүлө 100 миң сомдон социалдык контракт алып, 18 миңден ашык жумушчу орун түзүлдү. Быйыл дагы 23 миң өтө жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөгө каражат бөлүнөт (2,3 млрд сом).
“Биз айыл өкмөттөрдөн тазалыкты, тартипти, колунда жокторго каралашып, элди карап турууну жана өзүнүн экономикасын бекемдөөнү, инвестиция тартууну талап кылып жатабыз”-деди ал.
Мындан тышкары Акылбек Жапаров кадрдык потенциалды күчөтүлүп, райондун акимдерине ыйгарым укуктар берилгенин, ротациялоо системасы менен “өзүбүздүн уул” деген принцип жоюлганын белгиледи.