16

Июнь

2024

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун Суу чарба кызматкерлеринин кесиптик күнү менен куттуктоосу

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун Суу чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын Суу чарба кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Төмөндө Министрлер Кабинетинин Төрагасынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу суу чарба кызматкерлери!
 
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетининатынан Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Суу чарбакызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!
Бул дүйнөдө эмне аз болсо ошонун баркын дүйнө эли ошончолук терең сезүүдө. Демографиялык процесстержана табигаттын тектоникалык өзгөрүүлөрүнүннатыйжасында планетанын айрым жерлеринденөшөрлөгөн жамгыр селге айланып, айрым жерлериндесуу абдан тартыш болуп жатканда суу–өмүр, өмүрдүндабасы, өмүрдүн булагы экенин баарыбыз толук түшүнөбаштадык. “Эл башы болгончо суу башы бол” дептоолордун мөңгүлөрүнөн суу аккан, көк кашка булактартолгон кереметтүү жерди ээлеп, байырлаган ата-бабаларыбызга ыраазы болуш керек.
Азыркы мезгилде дыйкандардын иши жакшы болуп, суу жетиштүү, түшүм мол болушу үчүн жана эң негизгисимекендештерибиздин ден соолугу чың болушу үчүн суучарбасынын ишинин натыйжасын кескин жогорулатуубоюнча сиздердин алдыңыздарда чоң милдет турат. Ошолмилдетти так аткарып, эл алдында жүзүңөр жарык болуп, эл алкышына татыктуу болосуздар деп ишенем.
Бардыгыңыздарга ардактуу жана жоопкерчиликтүүишиңиздерге ийгиликтерди, бекем ден соолук, жакшылык, бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалайм.
 
Урматтоо менен,
 
 А.У. Жапаров»