19
Июнь
2024
Жыпариса Рысбекова Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулду
Рысбекова Жыпариса Боронбаевна башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары кызмат ордунан бошотулду.
Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.