08

Июль

2024

МинКаб башчысы Акылбек Жапаров эки күндүк иш сапар менен Россия Федерациясына барат

img

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров 2024-жылдын 9-10 -июль күндөрү иш сапар менен Россия Федерациясынын Екатеринбург жана Красноярск шаарларына барат. 

Екатеринбург шаарында МинКаб башчысы Акылбек Жапаров  Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин менен бирге «Технологиялык өнөктөштүк: эл аралык бизнестин чордону» темасында ИННОПРОМ 2024 негизги стратегиялык сессиясына катышуусу күтүлүүдө 

Ал эми Красноярк шаарында соода-экономикалык, илимий-техникалык жаа гуманитардык кызматташтык боюнча  Кыргызстан-Россия өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отурумуна жана Кыргызстан-Россия региондор аралык 11-конференциясына катышат.