10

Июль

2024

Айнура Аскарова Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары кызматынан бошотулду

Аскарова Айнура Алмасбековна башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары кызмат ордунан бошотулду. 

Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.