16

Август

2024

Министрлер Кабинети “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозитин ачуу, каражаттарын толуктоо жана тескөө тартибин бекитти

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозитин ачуу, каражаттарын толуктоо жана тескөө тартибин бекитти. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.  

Документ Кыргыз Республикасынын Президентинин “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозитин киргизүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыкты.

Анда ар бир жетим бала үчүн 18 жашка толгондо “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозитинин акчалай каражаттарынын өлчөмү 500 000 (беш жүз миң) сомдон кем эмес белгиленет.

“Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозити боюнча пайыздык ставка “Айыл Банк” ачык акционердик коому тарабынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен макулдашуу боюнча белгиленет.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коому менен биргеликте төрт айлык мөөнөттө “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозитинин каражаттары чыгымдалышы ыктымал болгон Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин билим берүү уюмдарында билим алуу, ден соолукту чыңдоо жана турак жай шарттарын жакшыртуу боюнча багыттардын тизмесин иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизүү тапшырылды.