24
Август
МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Аскер институтунун курсанттары үчүн курулган жаңы казармада болду
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Аскер институтунун курсанттары үчүн курулган жаңы казармада болду.
Акылбек Жапаров өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо боюнча милдеттерди натыйжалуу аткарууга жөндөмдүү квалификациялуу адистерди даярдоо үчүн заманбап шарттардын маанилүүлүгүн белгилеп, окутуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү мамлекеттик коргонуу саясатынын артыкчылыктуу багыты экенин баса кошумчалады.
“Казарма - жөн эле имарат эмес. Бул жерде патриоттук дем, тартип жана кесипкөйлүк калыптанат. Биз курсанттарыбыздын билим алуусу жана кызмат өтөшү үчүн бардык шарттарды түзүп беришибиз керек”, - деди Акылбек Жапаров.
Коргоо министри Бактыбек Бекболотов кошумчалагандай, 416 орунга ылайыкталган жаңы казарма курсанттардын ыңгайлуу жашоосу жана окуусу үчүн бардык керектүү жабдуулар орнотулган. Анын курулушуна республикалык бюджеттен 261 миллион сом бөлүнгөн.