04

Сентябрь

2024

Бишкек башкы архитектура муниципалдык ишканасы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин карамагына кайтарылды

Мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу жана архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү иштин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Бишкек башкы архитектура муниципалдык ишканасын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин карамагына кайтаруу жөнүндө чечим кабыл алды.

Бул чечим архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга бирдиктүү мамилени камсыз кылат, ошондой эле бул чөйрөдө борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарынын ортосундагы аракеттерди координациялоону жакшыртууга мүмкүндүк берет.