20

Сентябрь

2024

Айыл чарба продукцияларынын рыногун жана экономиканын агроөнөр жай секторунун экспорттук дараметин жогорулатуу максатында орто мөөнөткө Программа иштелип чыкты

img

 “2024–2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроөнөр жай секторундасоода-логистикалык борборлорду өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому кабыл алынды. 

Токтомду кабыл алуунун максаты эффективдүү заманбап логистикалык системаны түзүү жана өнүктүрүү жолу менен агроөнөр жай экономика секторунун тышкы рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну камсыз кылуу болуп саналат. 


Токтомго ылайык, Айыл чарба продукцияларынын рыногун жана экономиканын агроөнөр жай секторунун экспорттук дараметин соода-логистиканы түзүү жана өнүктүрүү жолу менен жогорулатуу максатында орто мөөнөткө Программа иштелип чыкты. 


Программа республикада соода-логистикалык системаны өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча максатты, негизги артыкчылыктуу багыттарды, милдеттерди жана иш-чараларды камтыйт. 

Мындан тышкары эл аралык жана аймактык денгээлде агроөнөр жай комплексинин соода-логистикалык системасын өнүктүрүү каралган, өлкөнүн түндүгүндө жана түштүгүндө эки эл аралык соода-логистикалык борборлорду жана аймактарда 20 аймактык соода-логистикалык борборлорду куруу каралган. 


Программаны ишке ашыруу ички жана тышкы мониторингди үзгүлтүксүз жүргүзүү, ортолук жана акыркы жыйынтыктарды баалоо менен коштолот.