08

Октябрь

2024

Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин кезектеги жыйыны өттү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин кезектеги жыйыны өттү.

Жыйындын жүрүшүндө 2024-жылдын жайкы туристтик сезонунун жыйынтыгы чыгарылып, Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун негизги долбоорлоруна кыскача сары эсеп салынып, тышкы туризмди өнүктүрүү маселелери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймактарындагы туризмдин учурдагы абалы жана өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.


Жыйындын алкагында Кыргыз Республикасында туристтик жарманке болуп, анда туроператорлор өздөрүнүн стенддерин жарнамалык иштери менен көрсөтүштү. Ал эми иш чарага келгендер туристтик багыттар, визалык процедуралардын шарттары, турлардын баасы тууралуу маалымат алышты.


Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.