13

Ноябрь

2024

МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Мамметхан Чакыев менен видео байланыш аркылуу сүйлөштү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Транспорт жана коммуникациялар агенттигинин башкы директору Мамметхан Чакыев менен видео байланыш аркылуу сүйлөшүү жүргүздү.  

Сүйлөшүүдө Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы энергетика, транспорт, инфраструктура, айыл чарба тармактарында жана өзгөчө соода жүгүртүүдө кызматташуу маселесин кенен талкуулашды. 

Тараптар соода жүгүртүү тармагын мындан ары дагы жакшыртуу максатында, Каспий деңизи жүк ташуу агымын көбөйтөөрүн белгилешип, ал аймактык жана эл аралык транспорт үчүн эффективдүү логистиканы түзүүдө чоң потенциалга ээ экенине токтолушту. 

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасы – Өзбекстан Республикасы – Түркмөнстан – Россия Федерациясы же “Алят” порту (Азербайжан) багыты боюнча андан ары Европа өлкөлөрүнө мультимодалдык жүк ташууларды уюштуруу маселеси каралууда. Тараптардын белгилөөсүндө бул маршрутту ишке ашыруу эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты бекемдөөгө көмөктөшүп, товарларды ташууда аймак ичинде да, Европага экспорттоо үчүн да мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет.

Ошондой эле, Каспий деңизи аркылуу жүк ташууда Кыргызстандын жүк ташуучулары үчүн “Түркмөнбашы” эл аралык деңиз портунун мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу боюнча ишти активдештирүү максатында, транспорттун бардык түрлөрү жана портко жеңилдетилген тарифтерди берүү мүмкүнчүлүгү каралды.