24

Декабрь

2024

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик органдардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешмеде мамлекеттик органдардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди.

Алгач МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев жакында эле өткөрүлгөн III Элдик Курултайда Президент Садыр Жапаров тарабынан коюлган бир топ олуттуу тапшырмаларды өзгөчө көзөмөлгө алып, кынтыксыз жана сапаттуу аткаруу керектигин, ал эми Элдик Курултайдын катчылыгы делегаттар тарабынан көтөрүлгөн ар бир суроо-талапты талдап, атайын План түзүүнү тапшырды. 

Ошондой эле, Адылбек Касымалиев Мамлекет башчысынын өлкөнүн ички дүң продукциясын 2025-жылы 1,8 триллионго жеткирүү максаты коюлганын, ошол себептүү Экономика жана коммерция министрлиги бул багытта терең талдоо жүргүзүүсүн тапшырды. 

Мындан сырткары, чакан жана орто бизнести колдоо боюнча реформа тез арада даярдалышы керектигин, “2025-жылы эң аз дегенде дагы 100 жаңы индустриалдык долбоор ишке киргизилиши шарт”, – деди Адылбек Касымалиев.

2025-жылы консолидациланган бюджет 700 миллиард сомдон ашуусу зарылдыгын айткан МинКаб Төрагасы, Финансы министрлиги, Салык кызматы, Бажы кызматы бул маселени өзгөчө көзөмөлгө алып, анын ишке ашуусун камсыз кылууга тийиштигин белгиледи.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги – өлкөнүн инфраструктуралык өзөгү экенин, кийинки жылы курулуучу жолдор боюнча азыртадан кам көрүп, даярдык иштерин кечиктирбестен баштоо айтылды. 

Энергетика министрлиги, жылытуу мезгилинде элдин нааразычылыгын жаратпоо үчүн энергетикалык тутумдар штаттык режимде үзгүлтүксүз иштеши керектиги, өзгөчө майрам күндөрү энергетикалык системага күч келгендиктен, даярдык иштерин жогорку деңгээлде жүргүзүү тапшырмасы коюлду. 

Билим берүү жана илим министрлиги Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте өнөр жай жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке киргизүү шартын эске алуу менен эмгек рыногунун талаптарына ылайык жаңы кадрларды даярдоону күчөтүүгө багытталган конкреттүү Иш-аракеттер планын иштеп чыгып, бул багытта жумушту  күчөтүү керектигин МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. 

Саламаттыкты сактоо жаатында болсо, Медициналык билим берүү мекемелери жыл сайын миңдеген дарыгерлерди даярдап чыгарганы менен, аларды аймактарда иштөөгө тартуу маселеси чечилбей келгенин, бул үчүн шарттарды түзүп, конкреттүү чараларды кабыл алып, аткарылган иштер боюнча Президенттин Администрациясына маалымат киргизүү тапшырмасы берилди. 

Бардык мамлекеттик органдардын жетекчилерине жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине “Президентибиздин көзөмөлүндө турган долбоорлор боюнча жана ар бириңиздердин алдыга койгон пландарыңар, жасай турган реформаңар тууралуу маалыматты иштеп чыккыла”, – деп МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев отурумду жыйынтыктады.