12
Февраль
Кыргыз Республикасы жана Бириккен Араб Эмираттары мамлекеттик башкарууну институционалдык өнүктүрүү жана модернизациялоо жаатында тажрыйба алмашуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту
Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев жана Бириккен Араб Эмираттарынын Министрлер Кабинетинин иштери боюнча министри Мохамед Абдулла Аль Гергави, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтү алдыдагы беш жылдык мезгилге мамлекеттик башкарууну институционалдык өнүктүрүү жана модернизациялоо жагында тажрыйба алмашуу жөнүндө Меморандум кол коюшту.
Документке кол коюу аземи Дубай шаарында (БАЭ) өткөн дүйнөлүк өкмөттүк саммиттин алкагында болуп өттү.
Өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум институционалдык потенциалды чыңдоо боюнча биргелешкен аракеттерди өнүктүрүүгө, өкмөттөрдү өнүктүрүү процесстерин өркүндөтүү боюнча биргелешкен аракеттерди түзүүгө, келечекке багытталган мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө, ошондой эле кызматташтыктын башка өз ара макулдашылган тармактарына багытталган.