14

Февраль

2025

МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев менен Кытайдын Элчиси Лю Цзянпин Кыргызстандын Президентинин Кытайга болгон мамлекеттик сапарына байланышкан маселелерди сүйлөштү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев менен Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лю Цзянпиндин жолугушуусу болуп өттү.
 
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын тарыхый маанисин белгилешип, эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн, анын ичинде соода-экономикалык байланыштарды, инвестицияларды тартуу, транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү жана каржылык кызматташуу маселелеринталкуулашты.
 
Кыргыз тарап эң жогорку деңгээлде жетишилген бардык макулдашууларды ишке ашыруу, атап айтканда, соода жүгүртүүнү жогорулатуу, соода жана инвестиция үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи. Биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү боюнча далилдүү сунуштар айтылды.
 
Өз кезегинде Кытайдын Кыргызстандагы Элчиси кытай тараптын Кыргызстан менен артараптуу кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө даярдыгын ырастап, пландар ийгиликтүү ишке ашаарына ишенээрин билдирди.