24

Февраль

2025

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев менен Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектеновдун тар курамдагы жолугушуусу болду

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Казакстан Республикасынын Астана шаарына болгон расмий сапарынын алкагында Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов менен тар курамдагы жолугушуусу болду. 

Жолугушуу башталаардын алдында тараптардын биргелешип сүрөткө түшүү аземи болуп өттү. 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки мамлекеттин президенттери буга чейин аныктаган кыргыз-казак кызматташтыгынын бардык артыкчылыктуу багыттары боюнча жетишилген байланыштарды, макулдашууларды максималдуу алдыга жылдырууга өзгөчө көңүл бурушту. 

Мындан тышкары Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин 7-отурумун жана Аймактар аралык форумдун 2-отурумун өткөрүү, ошондой эле Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы 2025-2027-жылдарга карата кызматташуунун комплекстүү планына кол коюу сыяктуу жана башка актуалдуу кыргыз-казак кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги талкууланды. 

Ал эми кеңейтилген курамдагы МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев менен Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектеновдун жолугушуусунда соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактарында кызматташуу маселелери кенен сүйлөшүлөт.