04
Март
МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиевдин Тажикстанга болгон бир күндүк иш сапары соңуна чыкты
Бишкек, 4-март, 2025 – жыл-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин Тажикстан Республикасына болгон бир күндүк иш сапары аяктады.
Сапардын алкагында Адылбек Касымалиев Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзода менен тар жана кеңейтилген форматта жолугушуп, соода-экономикалык, энергетикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташуунун маанилүү маселелери талкууланды.
Ошондой эле Адылбек Касымалиев Рогун гидроэлектростанциясына барды, анда ал Кыргызстанда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыруу контекстинде масштабдуу гидроэнергетикалык объектти куруу тажрыйбасы менен таанышты.
Сапардын жыйынтыгы боюнча Тараптар жетишилген макулдашууларга канааттангандыгын билдирип, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы өз ара пайдалуу өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого даярдыгын ырасташты.