25

Март

2025

Министрлер Кабинети Кылмыштардын бирдиктүү реестри жөнүндө жобону бекитүү тууралуу токтом кабыл алды

img

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кылмыштардын бирдиктүү реестри жөнүндө жобону тиркемеге ылайык бекитүү тууралуу токтом кабыл алды

Токтом кылмыштарды эсепке алуунун мамлекеттик системасынын иштешин, кылмыштуулуктун абалы жөнүндө маалыматтарга мамлекеттик статистикалык байкоо жүргүзүү формаларында бир түрдүүлүктү жана толук чагылдырууну камсыз кылуу, ошондой эле кылмыштарды мамлекеттик каттоонун жана эсепке алуунун бирдиктүү принциптерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. 

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 21.12.2018-жылдагы №602 токтому менен “Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри жөнүндө Убактылуу жобо” бекитилип, ал бүгүнкү күнгө карата актуалдуулугун жоготкондугуна карабастан иштеп келген. 

Ал эми 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин жаңы редакциясынын кабыл алынышы менен сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү тартиби олуттуу өзгөрүп, жаңы жобону иштеп чыгуу зарылчылыгы бар болчу.