10
Апрель
2025
Жибек Абдуллаева Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары болуп дайындалды
Абдуллаева Жибек Садыкбаевна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.