22
Апрель
МинКаб башчысынын орун басары Эдил Байсалов Азербайжандын маданият министри Адиль Каримли менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Азербайжан Республикасынын маданият министри Адиль Каримли менен жолугушуп, маданий байланыштарды талкуулады.
“Биз Азербайжан Республикасы менен түзүлгөн бир туугандык мамилелерди жогору баалайбыз. Биздин маданий байланыштарыбыз терең тарыхый тамырларга ээ жана жалпы баалуулуктарга негизделгени талашсыз”-деп сөзүн баштаган МинКаб башчысынын орун басары Эдил Байсалов, 2024-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапарынын алкагында Азербайжан Республикасында Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрү чоң ийгилик менен өткөнүн белгиледи.
Ошондой эле МинКаб башчысынын орун басары маданий карым катыштын бекемделип жатканын айтып, эгемендүүлүк жылдарында биринчи жолу «Бейиш эненин таман астында» аттуу кыргыз тасмасы Баку шаарында көрсөтүлгөнүн, 2024-жылдын декабрь айында Бишкекте Азербайжан мамлекеттик пантомима театры Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде коюлган “Маңкурт” спектаклин тартуулаганына токтолду. Ошол эле учурда азербайжандын көрүнүктүү драматургу Хусейн Жавиддин пьесасынын негизинде “Иблис” спектакли, 2025-жылдын 1-апрелинен 5-апрелине чейин Баку шаарындагы Азербайжан драма театрынын сахнасында “Коркут Ата” спектакли көрсөтүлгөнүн белгиледи.
“Сиздин Кыргызстанга болгон иш сапарыңыз Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы маданият күндөрүнүн салтанаттуу ачылышына байланыштуу өзгөчө мааниге ээ”-деди Эдил Байсалов.
Өз кезегинде Азербайжан Республикасынын маданият министри Адиль Каримли жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, бул күндөрү өтүп жаткан Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы маданият күндөрү мыкты деңгээлде башталганын белгиледи.
МинКаб башчысынын орун басары Эдил Байсалов Азербайжан Республикасынын Маданият министрин Кыргыз Республикасына келип, 2025-жылдын августунда өтө турган Дүйнөлүк “Рух санат” салттуу маданият жана музыка фестивалына, ошондой эле 2026-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды.