28

Апрель

2025

Мектеп окуучуларынын эмгек укуктары боюнча республикалык билим берүү кампаниясы ийгиликтүү аяктады

2025-жылдын 7-апрелинен 25-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Катчылыгы Кыргызстан кесиптик бирликтер Федерациясы менен биргеликте 9–11-класстын окуучулары үчүн эмгек укуктары боюнча улуттук билим берүү кампаниясын өткөрдү. Иш-чаралар өспүрүмдөрдүн укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, эмгек эксплуатациясынын алдын алуу жана жаштар арасында эмгек укуктарын сыйлоо маданиятын өнүктүрүүгө багытталган.

Ачык сабактар республиканын тогуз шаарында (Бишкек, Токмок, Жалал-Абад, Баткен, Каракол, Талас, Ош, Нарын жана Кара-Балта) өткөрүлүп, 60 мектепти жана 5850 окуучуну камтыды. Иш-чаранын интерактивдүү форматы материалдын эффективдүү өздөштүрүлүшүнө өбөлгө түздү.

Маалыматтык кампания эмгек мыйзамдарынын негизги аспектилерине, анын ичинде ишке орношуу үчүн курактык чектөөлөргө, жашы жете электерге жумуштун алгылыктуу түрлөрүнө, жумуш убактысына, эксплуатациядан, мажбурлоодон жана дискриминациядан коргоого багытталган.

Практикалык маселелерге өзгөчө көңүл бурулду: Мектеп окуучуларына эмгек укуктары бузулган учурда кайрылуунун тартиби, ошондой эле кесиптик бирликтерден, балдардын укуктарын коргоо органдарынан жана мамлекеттик эмгек инспекцияларынан колдоо механизмдери боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Белгилей кетсек, Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн Катчылыгы өз ыйгарым укуктарынын чегинде балдарды жана жаштарды укуктук тарбиялоо боюнча иштерди жүргүзөт, балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча мамлекеттик органдар жана коомдук уюмдар менен өз ара аракеттенет, ошондой эле бул чөйрөдөгү мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат.