30

Апрель

2025

КМШ Экономикалык кеңешинин жыйынынын соңунда бир катар чечимдерге кол коюлду

Ташкент шаарында (Өзбекстан Республикасы) Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Экономикалык кеңешинин 105-отурумунун жыйынтыгы боюнча Шериктештиктин алкагында экономикалык кызматташтыкты мындан ары чыңдоого багытталган төмөндөгүдөй бир катар чечимдерге кол коюлду:

• 2030-жылга чейинки мезгилде КМШнын алкагында өз ара инвестицияларды тартуу жана өнүктүрүүнү стимулдаштыруу боюнча чаралардын комплекси жөнүндө;

• КМШга мүчө мамлекеттердин аба кыймылын башкаруунун улуттук системаларын шайкеш келтирүү Концепциясынын долбоору жөнүндө;

• КМШнын Экономикалык кеңешинин кезектеги отурумун өткөрүү жөнүндө;
• КМШга мүчө-мамлекеттердин калктын саламаттыгын коргоо жаатында кызматташуу Концепциясынын долбоору жөнүндө;

• КМШга мүчө-мамлекеттердин жеңил өнөр жай тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүү Концепциясынын долбоору жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы жөнүндө;

• КМШга мүчө мамлекеттердин ортосунда оор машина куруу тармактарын өнүктүрүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоору жөнүндө;

• КМШга мүчө-мамлекеттердин монополияга каршы органдарынын азыркы шарттарда социалдык маанилүү товарлардын айрым рынокторундагы иши жөнүндө;

• 2018-жылдын 2-ноябрындагы салыктык башкарууну ишке ашыруу үчүн КМШга мүчө-мамлекеттердин ортосунда электрондук түрдө маалымат алмашуу жөнүндө Протоколду ишке ашыруу жөнүндө;

• КМШга мүчө-мамлекеттердин 2030-жылга чейинки аймактар аралык жана чек ара кызматташтыгынын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;

• “Радионавигация” мамлекеттер аралык кеңеши жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу;

• КМШга мүчө мамлекеттердин 2023–2030-жылдарга жер казынасын чалгындоо, пайдалануу жана коргоо боюнча биргелешкен иштердин узак мөөнөттүү планын ишке ашыруу жөнүндө;

• КМШга мүчө мамлекеттердин бухгалтердик эсеп боюнча Координациялык кеңешинин 2021–2024-жылдардагы иши жөнүндө;

• КМШга мүчө мамлекеттердин 2030-жылга чейинки мезгилге инновациялык кызматташтыгы боюнча мамлекеттер аралык программасынын алкагында технологиялык платформа статусун берүү жөнүндө;

• КМШга мүчө-мамлекеттердин генетикалык материалдын, ветеринария үчүн дары-дармек каражаттарынын жана жаныбарлардан алынган тамак-аш чийки затынын сапатын контролдоо жаатында кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча базалык уюму жөнүндө;

• КМШга мүчө мамлекеттердин 2030-жылга чейинки мезгилге инновациялык кызматташтыгы боюнча мамлекеттер аралык программасынын алкагында инновацияларды коммерциялаштыруу борбору статусун берүү жөнүндө;

• КМШ органдарынын бирдиктүү бюджетинен каржылануучу Шериктештиктин органдарынын финансылык-чарбалык ишмердигине 2024-жылы жүргүзүлгөн документалдык текшерүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө.

Эске сала кетсек, жыйынга Кыргыз Республикасынан Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев катышты.