30
Апрель
Министрлер Кабинети 2030-жылга чейин өзгөчө кырдаалдарга байланышкан өнүктүрүү концепциясын бекитти
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасын өнүктүрүү концепциясын бекитти. Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Мындай чечим, Кыргыз Республикасынын калкын жана аймактарын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоо потенциалын күчөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынды.
Бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар донордук каражаттардын эсебинен, ошондой эле тартылган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү жылга каралган каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
Толук маалыматты төмөндөгү ссылка аркылуу алууга болот.
https://www.gov.kg/ky/npa/s/4645