31
Май
Балдарды коргоонун эл аралык күнүн утурлай Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева “Наристе” эл аралык балдар фольклордук фестивалынын ачылышына катышты
2025-жылдын 31-майында Бишкекте дүйнөнүн ар кайсы бурчунан жаш таланттардын башын кошкон бешинчи Эл аралык “Наристе” балдар фольклордук фестивалынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Иш-чара Балдарды коргоонун эл аралык күнүн утурлай өтүп, 8-июнга чейин уланат.
Ачылыш аземи Т. Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өттү. Ага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Венгриянын CIOFF Президенти, Дүйнөлүк CIOFF балдар фольклору жана балдар фестивалдары боюнча комиссиянын Төрагасы Жозеф Стигетвари, ошондой эле мэрия тарабынан чакырылган коноктор катышты.
Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева куттуктоо сөзү менен катышуучуларга кайрылып, өсүп келе жаткан муунду маданияттардын көп түрдүүлүгүн жана фольклордук мурастарын сыйлоого тарбиялоо үчүн мындай фестивалдардын маанилүүлүгүн белгиледи.
Бешинчи жолу өтүп жаткан “Наристе” фестивалы Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн салттуу элдик маданиятын сактоого жана өнүктүрүүгө багытталган.
Быйылкы жылы Венгрия, Кытай, Монголия, Болгария, Индия, Казакстан, Турция, Россия чыгармачыл жамааттары катышууда. Фестивалга Кыргызстандын атынан Эл аралык жана Бишкек Дельфий оюндарынын жеңүүчүлөрү катышууда.
Фестивалдын негизги максаты - маданий алмашуу аянтчасын түзүү, балдардын элдик каада-салттардын көп түрдүүлүгүн урматтоосун өнүктүрүү жана эл аралык достукту бекемдөө. Иш-чаранын алкагында фольклордук топтордун спектаклдери гана эмес, мастер-класстар, илимий-практикалык конференциялар, элдик кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрү, ошондой эле шаардын тарыхый-маданий жерлерине экскурсиялар уюштурулат.