05

Июнь

2025

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев КМШга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылары менен биргеликте Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Душанбе шаарына (Тажикстан Республикасы) болгон жумуш сапарынын алкагында Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен жолукту.

Жолугушуу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылары жана КМШнын Аткаруу комитетинин Башкы катчысы менен биргеликте болду. 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө КМШнын Өкмөттөрүнүн башчыларынын кеңешинин алдыдагы чечимдери КМШдагы интеграциялык процесстерге жаңы дем берип, жамааттык туруктуулукту бекемдеп, жарандардын бакубаттуулугун жогорулатуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүлөөрү айтылды. 

Андан соң КМШга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылары Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен биргеликте сүрөткө түшүү аземи болду. 

Эскерте кетсек, бүгүн 5-июнда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин тар жана кеңейтилген курамдагы жыйыны өткөрүлөт. Отурумдун жүрүшүндө соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактар боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, чечимдер кабыл алынат.