05
Июнь
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев КМШ Өкмөттөрүнүн башчыларынын кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынына катышты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Душанбе шаарына (Тажикстан Республикасы) болгон жумуш сапарынын алкагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Өкмөттөрүнүн башчыларынын кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынына катышты.
Өз сөзүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, КМШга мүчө өлкөлөр конструктивдүү мамлекеттер аралык мамилелерди сактоого, ишеним жана өз ара урматтоо атмосферасын түзүүгө салым кошуп жатканын билдирди.
“Бул контекстте үстүбүздөгү жылы кол коюлган Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аралары жөнүндө Келишимдин, ошондой эле Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек араларынын тогошкон чекити жөнүндө үч тараптуу Келишимдин тарыхый маанисин белгилеп кетким келет. Албетте, бул документтер ишенимди жана коопсуздукту бекемдеп гана тим болбостон, Борбор Азия чөлкөмүнүн жана бүткүл Шериктештиктин кызматташуусу жана социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн жаңы багыттарды ачат”, — деди Адылбек Касымалиев.
КМШга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылары Шериктештик мейкиндигинде өз ара кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулаткан негизги экономикалык көрсөткүчтөргө кайрылышты. Анда социалдык-экономикалык кырдаалдын оң динамикасы байкалып өткөн жылдын аягында дүйнөлүк ички дүң продуктта (ИДП) КМШга мүчө өлкөлөрүнүн ИДПсы 4,4%ды түзүп, жалпы көлөмдүн өсүшүнөн кабар берген.
Ал эми, Кыргызстан менен КМШга мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара сооданын деңгээли өткөн жылы 10%га өсүп, жалпы соода жүгүртүүнүн 37,4%ын, анын ичинде экспорт 48,2%ды, импорт 34%ды түздү. Бул көрсөткүч быйыл да сакталууда.
“Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрү, экономиканын өсүү темпи, калктын бакубаттуулугунун деңгээлинин жогорулашы жана ички рыноктордун мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейиши Шериктештик өнүгүүнүн жигердүү баскычында, ишкердик жогорулап, өз ара пайдалуу кызматташуу мейкиндиги түзүлүп жаткандыгын айгинелейт. Буга байланыштуу Кыргызстан энергетика, логистика, курулуш, айыл чарба, санариптик экономика жана “жашыл” технологиялар боюнча биргелешкен долбоорлорду активдештирүүгө даяр”, — деди МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев.
Мындан тышкары, Кеңештин бүгүнкү отурумунун күн тартибине маанилүү жана актуалдуу маселелер киргизилгенин белгилешкен, Өкмөт башчылары КМШда интеграцияны тереңдетүү шартында өнөр жайды өнүктүрүү маселеси өзгөчө мааниге ээ экендигин билдиришти. Жалпы максат – КМШнын бардык өлкөлөрүнүн туруктуу экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылган өнөр жай секторунун өсүшү жана өнүгүшү үчүн шарттарды түзүү, жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү маселелери белгиленди.
КМШга мүчө мамлекеттер туризмди өнүктүрүүдө бирдиктүү мамилеге, уникалдуу жаратылыш аймактарына, көптөгөн тарыхый жана маданий мурас объекттерине ээ экенин айткан МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев, экономикалык кызматташтыктын маанилүү багыттарынын бири туризмди белгиледи.
“Кыргыз Республикасында туризм тармагы ишенимдүү өнүгүп, экономикалык өсүштүн маанилүү факторуна айланууда. Республика боюнча аэропорттор модернизацияланып, транспорт жана мейманкана инфраструктурасы жакшыртылууда. Кыргызстан өлкөдө өз алдынча жана чет элдик инвесторлордун катышуусу менен заманбап лыжа кластерлерин өнүктүрүү боюнча ири долбоорлорду ишке ашыра баштады. Туристтик маршруттарды түзүү боюнча биргелешкен долбоорлор жана программалар аркылуу аймактык кызматташтыкты чыңдоо жана кеңейтүү маанилүү деп эсептейм. Кыргызстан КМШ өлкөлөрү менен бардык тармактарда биргелешип иштөөгө умтулат”, — деди Адылбек Касымалиев.
КМШга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылары бул жолку отурумда жалпысынан өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын ар кандай тармактарын камтыган маселелерди карашты. Кеңеш тарабынан бүгүнкү чечимдердин каралышы жана кабыл алынышы Шериктештиктин жарандарынын турмуш деңгээлин жана бакубаттуулугун жогорулатуу, экономиканы туруктуу өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталаарына ишенээрин билдиришти.
Белгилей кетсек, Тажикстан Республикасы 2025-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине төрагалык кылууда.