06

Июнь

2025

Чет мамлекеттердин өкмөт башчылары МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиевди жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттукташты

Курман айт майрамына карата чет мамлекеттердин өкмөт башчыларынан куттуктоолорду Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев кабыл алды.

Азербайжан Республикасынын Премьер-министри Али Асадов майрамдык телеграмма жиберди.

«Миң жылдыктардын түпкүрүндө жаткан жана адамзаттын бийик руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктарын камтыган бул жаркын майрам, дүйнөдөгү мусулмандарды биримдикке, ынтымакка жана кайрымдуулукка үндөйт.

Мына ушул баа жеткис руханий принциптерге таянуу менен Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы достук жана өз ара пайдалуу кызматташуу мамилелери биздин өлкөлөрдүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да ырааттуу өнүгө берээрине ишенем.

Сизге, урматтуу Адылбек Алешович, чын дилимден чың ден соолук, бакубатчылык жана ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине – ар дайым тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм», - деп айтылат куттуктоодо.

МинКаб башчысын Курман айт майрамы менен Бириккен Араб Эмираттарынын вице-президенти, премьер-министри, Дубайдын башкаруучусу шейх Мохаммед бин Рашид Аль Мактум жана Бириккен Араб Эмираттарынын вице-президенти, вице-премьер-министр, БАЭ Президенттик администрациясынын министри Шейх Мансур бин Заид Аль Нахайян куттукташты.

"Сиздерге чын жүрөктөн каалоо-тилектерди айтуу жана Курман айт майрамы менен куттуктап жатканым чоң сыймык жана кубаныч. Жараткан Алладан сиздерге чың ден соолук жана бакыт-таалай, ал эми Ислам Үммөтүнө даңк жана улуулукту каалайм", — деп айтылат куттуктоодо.

Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов Курман айт майрамына карата куттуктоо кат жолдоду.

"Ыйык Курман айт майрамына карата чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Адамзатты өз ара ынтымакка, боорукердикке, кайрымдуулукка, боорукердикке жана жаратмандыкка чакырган бул улуу мусулман майрамы элибиздин ортосундагы салттуу достук мамилени чыңдап, бакубатчылык менен биримдикти арттыра берсин. Сизге чың ден соолук, өлкөнүн тынчтыгы жана Кыргызстандын элинин жыргалчылыгы үчүн жооптуу ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайм", - деп айтылат куттуктоодо.

Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов МинКаб башчысын жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

"Бул кубанычтуу күн бир тууган элдерибиздин ортосундагы ынтымак жана достук байланыштарын мындан ары да чыңдоого, ошондой эле мамлекеттерибиздин ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты тездетүүгө өбөлгө түзөөрүнө ишенем. Учурдан пайдаланып, урматтуу Адылбек Алешович, Сизге жана бардык жакындарыңызга чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана баардык жакындарыңызга чың ден соолук, зор ийгиликтерди каалайм", - деп айтылат куттуктоодо.

Турция Республикасынын вице-президенти Жевдет Йылмаз Министрлер Кабинетинин башчысын майрамы менен куттуктады.

«Ушул куттуу майрамда ислам дүйнөсүнө жана бүткүл адамзатка тынчтык, бакыт-таалай, бакубатчылык жана молчулук каалайм, ошону менен бирге, сиздерге чың ден соолук жана бакыт-таалай, ал эми боордош кыргыз элине бакубатчылык каалайм», - деп айтылат куттуктоодо.