17
Июнь
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Google for Education өкүлдөрү менен жолугушту
Бишкек, «Ынтымак Ордо», 2025-жылдын 17-июну — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Google for Education уюмунун Европа боюнча аймактык жетекчиси Анна Артемьева менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууга ошондой эле Google'дун КМШ өлкөлөрүндөгү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча жетекчиси Ольга Скороходова жана Google for Education уюмунун улук кеңешчиси Назим Турдумамбетов катышты.
Эске салсак, өткөн жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Google корпорациясынын ортосунда билим берүү системасын санариптештирүү жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын билим берүү системасын санариптештирүү жаатындагы актуалдуу маселелерди жана мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулашты.
Өлкөнүн жалпы билим берүүчү мектептеринин жана жогорку окуу жайларынын окуу процессине Google'дун заманбап чечимдерин жана инструменттерин киргизүү мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду. Окуу жайлардын санариптик инфраструктурасын өркүндөтүү, педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле алдыңкы технологияларды билим берүү программаларына интеграциялоо маселелери өзүнчө каралды. Google for Education өкүлдөрү санариптик билим берүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарын ишке ашырууда ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагын масштабдуу санариптик трансформациялоого умтулуусун баса белгилеп, коюлган максаттарга жетүү үчүн Google сыяктуу дүйнөлүк алдыңкы технологиялык компаниялар менен стратегиялык өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар Кыргызстандын жаштарынын сапаттуу билим алууга жана санариптик компетенцияларды өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган конструктивдүү диалогду улантууга жана биргелешкен демилгелерди иштеп чыгууга өз ара кызыкчылыктарын ырасташты.