25

Июнь

2025

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Тяньцзинь шаарында бир катар кытай компанияларынын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрдү

КЭР, Тяньцзинь шаары, 2025-жылдын 25-июну - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумдун жылдык жыйынына («Жайкы Давос - 2025») катышуусунун алкагында бир катар кытай компанияларынын жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрдү. 

Атап айтканда, Министрлер Кабинетинин башчысы энергетикалык жабдууларды өндүрүү жаатында дүйнөлүк лидерлердин бири болгон «Dongfang Electric corporation» мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Тараптар энергетика тармагында кызматташууну өнүктүрүү жана масштабдуу долбоорлорду ишке ашыруу келечегин талкуулашты.

 «Dongfang Electric corporation» жетекчилиги компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, учурда «Dongfang Electric» продукциялары жана кызматтары дүйнөнүн 110го жакын өлкөсүнө жана аймагына экспорттолуп жатканын белгиледи. Энергетика тармагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. 

Андан ары «China Energy International GroupCo. Ltd» компаниясынын вице-төрагасы Сюе Данфэн менен жолугушуу болду. Компания өлкөбүздүн энергетика секторунда, атап айтканда, гидроэлектростанцияларды курууда, ошондой эле кайра жаралуучу энергия булактары жаатында долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар.

МинКаб башчысы Кыргыз Республикасы энергетика секторун, анын ичинде гидроэнергетика жана кайра жаралуучу энергия булактары жаатында туруктуу өнүктүрүүгө артыкчылык берерин, ошондой эле эл аралык деңгээлдеги жогорку тажрыйбага жана техникалык чечимдерге ээ компаниялар менен өнөктөштүккө ачык экенин белгиледи. 

Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин Төрагасы «Reclaim Group» жана «Hengyu Group» компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуп, анын жүрүшүндө курулуш жана инфраструктуралык өнүктүрүү, гидроэнергетика жана суу чарба инфраструктурасы жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечеги талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.