19

Июль

2025

Министрлер Кабинети чет элдик жарандардын медициналык адистигине окуп жаткан студенттердин окуу акысынын жаңы эрежелерин бекитти

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алыскы чет өлкөлөрдөн келген чет өлкөлүк жарандарды медициналык адистиктер боюнча окутуп жаткан бардык мамлекеттик жана мамлекеттик эмес билим берүү уюмдары үчүн билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтердин бирдиктүү талаптарды киргизген токтом кабыл алды. 

Мындай чечим, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу жана менчигинин түрүнө карабастан бардык билим берүү уюмдары үчүн бирдей шарттарды түзүү, билим берүү чөйрөсүндө атаандаштыкты чектөөгө жол бербөө максатында кабыл алынды.  

Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 300 “Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу жана колдонуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилет. 

Демек, Жобонун 7-пунктуна ылайык чет өлкөлүк студенттер үчүн билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтердин прейскуранты өзүнчө иштелип чыгат. Бул чет өлкөлүк медициналык студенттерди кабыл алган бардык ЖОЖдор төлөмдөрдү белгилөөнүн бирдиктүү эрежелерин сактоого тийиш дегенди билдирет.

Мындан тышкары, медициналык адистиктер боюнча жогорку окуу жайларында окуп жаткан алыскы чет өлкөлөрдөн келген чет өлкөлүк жарандар үчүн билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтердин минималдуу өлчөмү Жободо белгиленген тартипте аныкталат.

Бирдиктүү талаптарды бекитүү бардык билим берүү уюмдарына менчигинин түрүнө карабастан, бирдей шарттарды түзүү жана билим берүү чөйрөсүндө атаандаштыкты чектөөгө жол бербөө болуп саналат.