25

Июль

2025

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Эл аралык экологиялык конференцияда: экологиялык маселелер эл аралык деңгээлде ыкчам жана биргелешкен аракеттерди талап кылат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Алтай Республикасына болгон жумуш сапарынын алкагында Эл аралык экологиялык конференцияга катышып, пленардык жыйынында сөз сүйлөдү. 

Анда, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, дүйнөдөгү экологиялык маселелерди талкуулоо үчүн  жаратылышы кооз Алтай Республикасына чогулуу символикалуу экенин айтып, бүгүнкү күндө дүйнөдөгү климаттын өзгөрүшү, биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушу жана айлана-чөйрөнүн булганышы сыяктуу экологиялык маселелер эл аралык деңгээлде ыкчам жана биргелешкен аракеттерди талап кылаарын билдирди.

Ал ошондой эле, Кыргызстан жаратылышка бай экенин, маселен Кыргызстанда планетадагы өсүмдүктөрдүн 2%га жакыны өсөөрүн жана жаныбарлардын 3%дан ашыгы жашаарын айтып, ошол эле учурда дүйнөнүн көп жерлериндеги тоолуу аймактарындай Кыргызстандын экосистемалары климаттын өзгөрүүсүнө кабылып жатканын билдирди. 

“Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча, 2050-жылга карата Борбор Азия чөлкөмүндө суунун таңкыстыгы 20–30%ды түзүшү мүмкүн. Ушуга байланыштуу Кыргызстан климатка туруктуулукту бекемдөө үчүн биргелешкен ишке артыкчылык берет. Кыргызстанда үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүү үчүн негизги жерлерди аныктоо менен Түндүк, Борбордук, Ички Тянь-Шандын, Ысык-Көл ойдуңунун жана Памир-Алайдын мөңгүлөрүнө системалуу мониторинг уюштурулган. БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын алкагында, өнүккөн өлкөлөргө салыштырмалуу парник газдарынын эмиссиясынын көлөмү аз болгонуна карабастан, биз өз ыктыярыбыз менен 2030-жылга карата 16%га, эл аралык донорлордун колдоосу менен 44%га кыскартууну көздөп жатабыз. 2050-жылга чейин көмүртектин нейтралитетинин концепциясы кабыл алынган. Бул жагынан алганда, бул эмиссиялардын 80%зы үчүн жооптуу мамлекеттер климаттык адилеттүүлүктү камсыз кылууга жардам бериши керек экенин белгилей кетүү керек”, — деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев. 

Ал ошондой эле, Кыргызстан 20 жылдан ашык убакыттан бери эл аралык аренада тоолордун маселесин алдыга жылдырып келээрин, Бириккен Улуттар Уюмунун алкактык конвенциясынын алкагында “Тоолор жана климаттын өзгөрүүсү боюнча диалог” демилгеленгенин айтты. Ошондой эле, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында Кыргыз Республикасынын демилгеси менен “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү” резолюциясы кабыл алынганын, үстүбүздөгү жылдын апрель айында Бишкекте “Глобалдык тоо диалогу” конференциясы болуп, ага Европадан, Азиядан, Америкадан, Африкадан 50 өлкөнүн жана 29 эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышканын айтып, Кыргызстан глобалдык климаттык процесстердин алкагында Климаттын өзгөрүшү, тоолор жана мөңгүлөр боюнча Декларацияны ишке ашырып жатканын билдирди. 

“2027-жылы Кыргызстан “Бишкек+25” Экинчи Глобалдык Тоо саммитин өткөрүүнү пландап жатабыз. Учурдан пайдаланып, сиздерди бул иш-чарага катышууга жана биздин глобалдуу тоо диалогубузду колдоого чакырам. Кыргыз Республикасынын демилгеси менен 2024-жылы БУУ 23-октябрды Ак илбирсти коргоонун эл аралык күнү деп жарыялаганын өзгөчө белгилеп кетем. Ак илбирс тоо экосистемаларынын ден соолугунун символу экенине таянып, биз активдүү чараларды көрүп жатабыз. Ошондой эле, Ак илбирс — Кыргызстандын улуттук символ катары белгиленип Президенттин Жарлыгы кабыл алынды жана аны коргоонун мамлекеттик стратегиясы иштелип чыкты. Жакында эле Чолпон-Ата шаарында ак илбирсти сактоо боюнча глобалдык программа комитетинин тогузунчу жыйыны болуп, ага 12 өлкөнүн тиешелүү эксперттери катышты. Колдоо чараларынын аркасында бүгүнкү күндө Кыргызстанда ак илбирстин саны 500дөн ашты”, — деди ал. 

Ошондой эле, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, ак илбирсти сактоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Алтай Республикасынын ортосундагы жемиштүү кызматташтыкты белгилеп өттү. 

“2025-жылдын март айында Алтай Республикасынын “Ак илбирс” борборуна үч ак илбирсти кайра интродукциялоо жана чыңдоо боюнча маанилүү кадам катары өткөрүлгөн. Бул жөн гана символикалык акция эмес, Алтай-Саян аймагынын экосистемасынын туруктуулугуна кошкон салымы. Жалпысынан 2019-жылдан бери эл аралык өнөктөштөр менен биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо, экологиялык тропторду түзүүнү жана экспедицияларды жүргүзүүнү камтыган 10дон ашык биргелешкен долбоорлор ишке ашырылды. Кыргызстанда “Чаткал” жана “Ак илбирс” деген эки экологиялык коридор түзүлдү. Борбор Азиядагы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо максатында коңшу мамлекеттердин аймактарын камтыган трансчекаралык экологиялык коридорлорду түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайбыз. Трансчекаралык экологиялык коридорлорду түзүү биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого гана өбөлгө болбостон, туруктуу өнүгүү үчүн, анын ичинде экотуризм чөйрөсүндө да жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат”, — деди Адылбек Касымалиев. 

Ал ошондой эле, учурда Кыргызстанда биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо үчүн жалпы аянты 2 миллион гектардан ашык болгон 96 өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тармагы түзүлүп, иштеп жатканын билдирди. Кыргызстан экотуризмди экологиялык жана экономикалык жактан тең салмактуу өсүштүн приоритеттүү багыттарынын бири катары карай турганын, ошол себкптүү өткөн жылы Кыргызстанга 8,9 миллион турист келгенин, анын 20%дан ашыгы экотуризм багыттарын тандаганын кошумчалады. 

“Ошол эле учурда жаратылыш аймактарын булгануудан, биринчи кезекте пластикалык буюмдардан талаптагыдай арылбай туруп, экотуризм өнүгө албайт. Пластикалык калдыктар аялуу экосистемаларга, анын ичинде Ысык-Көлгө жана Тянь-Шандын тоолуу аймактарына коркунуч келтирет. Ошол себептүү, Кыргызстанда 2027-жылдан баштап кайра иштетүүгө болбой турган бир жолу колдонулуучу желим буюмдарга толук тыюу салуу пландалууда. Жашылдандыруу ар бир аймактын экологиялык бакубаттуулугунда маанилүү роль ойнойт. Ошол себептүү, 2022-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен “Жашыл мурас” акциясы ишке ашырылууда. Үч жылдын ичинде 29 миллиондон ашык көчөт отургузулду. Жалпысынан кампаниянын алкагында 70 миллиондон ашык көчөт отургузуу пландалууда. Жыйынтыктап айтканда, курчап турган айлана чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сактоо боюнча күч-аракеттерди бириктирүү биздин элдерибиздин туруктуу өнүгүшүнүн жана бакубаттуулугунун негизи экенин белгилегим келет”, — Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев. 

Белгилей кетсек, Эл аралык экологиялык конференцияда — Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын, Өзбекстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын Өкмөт башчылары да өз өлкөлөрүндө климаттын өзгөрүшүнө жана экология маселелерине байланышкан теманын алкагында сөз сүйлөп, презентация жасашты. 

Мындан тышкары, Эл аралык экологиялык конференциянын жүрүшүндө эксперттик жана тематикалык сессиялар болуп өттү. Анда конференцияга катышкан өлкөлөрдүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын жетекчилери тарабынан глобалдык суу балансын сактоо, экологиялык туризм мамлекеттин визиттик картасы сыяктуу темалардын айланасында баяндамалар жасалып, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрү каралып талкууланды.