01

Август

2025

Министрлер Кабинети жаңы баңгизаттардын, жаңы психоактивдүү заттардын пайда болушу тууралуу эрте билдирүү механизми жөнүндө Жобону бекитти

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен Кыргыз Республикасында жаңы баңгизаттардын, жаңы психоактивдүү заттардын, предпрекурсорлордун жана прекурсорлорду алмаштыруучулардын пайда болушу жөнүндө эрте кабарлоо механизми тууралуу Жобону бекитилди. Тиешелүү токтомго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Эрте билдирүү механизминин милдеттери жаңы баңгизаттардын жана психоактивдүү заттардын жүгүртүлүшүнө байланышкан кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана баалоо, Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, калкын, ошондой эле эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдарды жүгүртүүдө жаңы баңгизаттардын жана психоактивдүү заттардын пайда болгондугу жөнүндө өз убагында кабардар кылуу болуп саналат.