01

Август

2025

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев: Курулуш тармагы өлкөнүн туруктуу экономикалык жактан өсүшүнүн кыймылдаткычы

Бишкек, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы, 2025-жылдын 1-августу – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев өлкөнүн курулуш тармагынын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Майрамдык салтанат өнөр жайдын жетишкендиктерин жана борборубуздун көрүнүшүн өзгөрткөн жаңы курулуштарды көрсөткөн көргөзмө менен башталды. Андан соң МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Ал өз сөзүндө Президенттин жана Министрлер Кабинетинин атынан курулушчуларды, архитекторлорду, инженерлерди, өнөр жай ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Адылбек Касымалиев өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө курулуш тармагынын чечүүчү ролун белгилеп, курулушчулардын аракети менен заманбап үйлөр, ыңгайлуу мектептер, заманбап техникалар менен жабдылган ооруканалар жана башка маанилүү социалдык объектилер курулуп, инфраструктура жакшырып, жарандарыбыз үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатканын белгиледи.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы ошондой эле акыркы жылдарда тармактын олуттуу ийгиликтерин белгиледи.

“2024-жылы курулуш тармагынын ИДПдагы үлүшү 8%дан ашып, экономиканын бардык тармактарынын ичинен 4-орунду ээледи. 2021-жылдан бери мамлекет курулуш тармагына 170 миллиард сомдон ашык инвестиция салды – бул рекорддук сумма. Акыркы 5 жылда 967 маанилүү социалдык объектилердин курулушун бүттү. 2024-жылы тармактын өсүшү 31,1%ды түздү, бул КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң жакшы көрсөткүч. Ал эми 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында курулуштун өсүү темпи 142,5% түздү”, - деп белгиледи Адылбек Касымалиев.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы өлкөнүн алдында турган амбициялуу долбоорлорго да токтолду, аларды ишке ашырууга курулуш тармагы өз салымын кошууга тийиш, атап айтканда, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун, Камбар-Ата ГЭС-1дин, Үч чоку лыжа базасынын, заманбап аймактык аэропорттордун жана жакынкы келечекте ишке ашыруу пландалып жаткан башка көптөгөн маанилүү объектилердин курулушу.

Сөзүнүн акырында Министрлер Кабинетинин Төрагасы курулуш тармагында өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталарын тапшырды.