01
Август
МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты
Бишкек, Ынтымак Ордо, 2025-жылдын 1-августу – Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин кезектеги жыйыны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиевдин катышуусунда видео байланыш аркылуу өттү.
Отурумдун жүрүшүндө ЕЭК Кеңеши дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө фармацевтикалык текшерүүлөрдү жүргүзүү эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу чечим кабыл алды. Чечим ЕАЭБдин бажы аймагындагы лабораториялык практиканын эрежелеринин талаптарына тестирлөө борборлорун текшерүүнү жүргүзүү жол-жоболоруна карата мамилени шайкеш келтирүү максатында кабыл алынды жана калктын ден соолугуна коркунуч туудурган дары-дармек каражаттарын жүгүртүүгө жол бербөө максатында кабыл алынды.
Целлюлозанын эфирлери жана натрий сульфиддери үчүн ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифинин импорттук бажы алымдарынын ставкаларын төмөндөтүү чечими кабыл алынды.
Импорттук бажы алымынын ставкасын төмөндөтүү ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин металлургиялык жана химиялык өнөр жай ишканаларын колдоого багытталган.
Комиссия жана ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин каржы рыногун жөнгө салуучу органдары банк, камсыздандыруу секторунда жана баалуу кагаздар рыногунда жүргүзгөн иштердин жыйынтыгы боюнча ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин финансы рыногунда мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчет да бекитилди.
ЕЭК Кеңешинин чечими менен Биримдиктин бажы аймагында жүгүртүүгө чыгарылуучу химиялык продукциянын техникалык регламенттердин талаптарына шайкештигин баалоо максатында ЕАЭБдин химиялык заттардын жана аралашмаларынын реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби бекитилди.
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин мүчөлөрү ошондой эле Биримдиктин техникалык регламенттеринин талаптарына жооп бербеген продукцияга карата башка мүчө мамлекеттин мамлекеттик көзөмөлдөө органы тарабынан көрүлгөн чаралардын негиздүүлүгү жөнүндө ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин кайрылууларын Комиссиянын кароо тартибин бекитти.
Аталган Тартип ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мамлекеттик көзөмөлдөө органдарынын ортосунда ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарына ылайык келбеген продукцияга карата мүчө мамлекеттердин ортосунда келип чыккан пикир келишпестиктерди чечүүгө багытталган.