02

Август

2025

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев курулуш тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргызстандын курулуш тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу Кыргыз Республикасынын курулуш тармагынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Өлкөбүздө биринчи мамлекеттик курулуш органы түзүлгөнүнө 100 жыл толгонуна байланыштуу бул майрам быйыл өзгөчө салтанаттуу белгиленүүдө.

Бул маараке бир кылым ичиндеги элибиздин жаратман, күжүрмөн эмгегинин символу. Ушул 100 жылда эл жаңырып, жер жаңырып, шаарлар жана айылдар түптөлүп, жолдор, көпүрөлөр, мектептер, ооруканалар, завод-фабрикалар жана гидроэлектр станциялары курулду. Алардын арасында элдин эпкиндүү демилгесинин үлгүсү болгон Чоң Чүй каналы жана кыргыз энергетикасынын туусу болгон Токтогул ГЭСи бар. Сиздердин эмгек эгемендүү Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түздү. Сиздер тургузган ар бир курулуш объектиси өлкөбүздүн келечегинин жана гүлдөп-өнүгүүсүнүн белгиси.

Бүгүнкү күндө 2023–2030-жылдардагы Улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун алкагында курулуш тармагы стратегиялык мааниге ээ болууда. Өлкөдө турак жай куруунун темпин бир калыпта кармоо, транспорттук жана коммуналдык инфраструктураны модернизациялоо, региондордогу куруу иштерине күчтүү дем берүү сыяктуу масштабдуу максаттар алдыбызда турат. Сиздердин кесипкөй жана ак ниет эмгек менен бул максаттар ишке аша турганына биз ишенебиз.

Курулуш тармагынын түптөлүшүнө эмгек сиңирген, кийинки муундарга билимин жана тажрыйбасын берген ардагерлерге терең ыраазычылык билдирем. 

Сиздерге чың ден соолук, тынчтык, ийгилик, үй-бүлөлүк бакубат жашоо жана элге кызмат кылуунун бийик ыракатын каалайм!”