16

Сентябрь

2025

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев: 2025-жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын көлөмү 1 трлн сомдон ашты, ИДПнын реалдуу өсүшү 11,0%ды түздү

Бишкек шаары, Ынтымак Ордо, 2025-жылдын 16-сентябры – Үстүбуздөгү жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын көлөмү 1 триллион сомдон ашып, 1 триллион 42,1 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев аппараттык жыйында билдирди. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы белгилегендей, жыл башынан бери ИДПнын өсүү темпи 10%дан ашты, бул мамлекеттик саясаттын тууралыгын жана натыйжалуулугун тастыктайт. ИДПнын реалдуу өсүшү 11,0%ды түздү. 

“Өсүү экономиканын бардык тармактарынын салымынын эсебинен камсыз кылынды: курулуш тармагы - 34,8%га, тейлөө тармагы - 9,5%га, айыл чарбасы - 2,4%га өстү. Өнөр жайында өсүш - 11,6% түздү. Айрыкча жогорку көрсөткүчтөр: фармацевтикада – 2,2 эсеге, тамак-аш өндүрүшүндө – 44,4%га, резина жана желим буюмдарын, ошондой эле курулуш материалдарын өндүрүүдө – 32,2%га, химиялык продукцияны өндүрүүдө – 22,8%га, текстиль жана тигүү өндүрүшүндө – 7,1%га, тоо-кен өндүрүшүндө – 15,5%га өсүштү түздү. Бул абдан позитивдүү көрсөткүч”, – деди ал.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, 8 айдын жыйынтыгы менен негизги капиталга тартылган инвестициянын көлөмү 166,0 млрд сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 20,1%га өскөн. Анын 30%зы же 49,3 млрд сому республикалык бюджеттен каржыланган, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,6 эсеге көп (2024-жылы - 17,5 млрд сом). Жыл башынан бери инфляциянын деңгээли 5,1%ды түздү.

Жыйындын жүрүшүндө МинКаб Төрагасы мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды, анын ичинде айрым азык-түлүк товарларынын бааларына комплекстүү мониторинг жүргүзүү тапшырмасын берди. 

“Биз товарлардын бааларынын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербешибиз керек”, – деди ал.