16
Сентябрь
МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев ИИМге автоунааларды тапшыруу жана ӨКМдин кызматкерлерин сыйлоо иш-чарасына катышты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына автоунааларды тапшыруу жана кызматкерлерди сыйлоо иш-чарасына катышты.
Алгач МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына берилип жаткан 150 автоунаа боюнча токтолуп, Кыргызстанда чыгарылган автоунаалар менен тиешелүү кызматтарды камсыздоо өлкөнүн экономикалык кубатынын жогорулап жатканы менен байланыштырды
“Мындай жетишкендиктер коомдогу тартипке жол ачууда. Коом тынч – заман тынч. Заман тынч болсо, мыйзамдарды сыйлап, коомдо кабыл алынган эрежелерди сактаган коом пайда болот. Ынтымак жана тартип орногон жерде – мамлекет туруктуу өнүгөт”-деди Адылбек Касымалиев.
МинКаб башчысы Бишкек шаарында каттоодо турган машинелердин саны 400 миңден ашып, келген-кеткендерди кошкондо 700 миңдей машина каттап жатканын белгилеп, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган кызматкерлерди заманбап автоунаалар менен камсыздоо зарылчылыгын айтып сөзүн улады.
“Биздин максат – жол коопсуздугун жаңы деңгээлге көтөрүү. Бирок техника менен гана иш бүтпөйт. Негизги күч – бул адам, адис, кызматкер. Сиздердин форманы көргөн ар бир айдоочу токтойт, тартипти эстейт, мыйзамды ойлойт. Ошондуктан сиздердин кызмат – өтө жооптуу”-деди ал.
Андан соң МинКаб башчысы “Хайтера” рациялары, GPS-навигациясы менен видеобайкоо камералары бар – санариптик технологиялар менен жабдылган, жаңы 150 автоунаанын ачкычтарын тапшырды.
Иш –чарада ошондой эле, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруу кызматынын 35 жылдык мааракесине карата жана жайкы туристтик сезондогу кызуу иште – адам өмүрүн сактап калган 7 кызматкерге жана милициянын 16 кызматкерине автоунаалардын ачкычтары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан алкыш жарыяланды.