16
Сентябрь
Адылбек Касымалиев: Министрлер Кабинети мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн баалоо үчүн маалыматтык системаны киргизди
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кеңейтилген аппараттык жыйынынын жүрүшүндө мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана мамлекеттик органдар менен жарандардын өз ара аракеттенүүсүнүн ачыктыгын камсыздоого багытталган “Пикирлер” аттуу маалыматтык системасы тартууланды.
Система мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын баалоого жана сунуштарды киргизүүгө, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүүдөгү бузуулар же кыйынчылыктар жөнүндө өз убагында жарандар тарабынан маалымдоого, ал эми мамлекеттик органдарга көйгөйлүү маселелерди ыкчам аныктоого жана аларды четтетүү боюнча чараларды көрүүгө мүмкүндүк берген санариптик кайтарым байланыш платформасы болуп саналат.
Бул маалыматтык платформа Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугуна туруктуу мониторинг жүргүзүүгө да шарт түзөт.
Министрлер Кабинетинин Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, жарандар тарабынан системада калтырылган пикирлер менен таанышып чыгып, жарандардын пикирлерин мамлекеттик органдар тарабынан өз убагында каралышына туруктуу негизде мониторинг жүргүзүүнү жана көзөмөлдөөнү Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарууну контролдоо башкармалыгына тапшырды. Ошондой эле жарандардын кайрылууларына көңүл бурулбаган учурларда тиешелүү чараларды көрүү тапшырмасы берилди.
Ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилерине пикирлерди билдирүү үчүн тиешелүү QR-шилтемелерди бардык жерге жайгаштырууну камсыз кылуу талабы коюлду.