18

Сентябрь

2025

Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов ТМУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын жана вице-президентинин жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди

“Манас” эл аралык аэропорту, 2025-жыл, 18-сентябрь — Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын жана вице-президентинин жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди.


Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Ариповду “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев тосуп алды.


Белгилей кетсек, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын жана вице-президентинин жолугушуусу 18-сентябрда Бишкек шаарында өткөрүлөт.